# Кызыл-Октябрь айылдык Кенешенин 2017-жылдын 21-июнундагы № 28/2-4 "«Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Октябрь айылдык Кенешенин 2017-жылдын 21-июнундагы № 28/2-4 "«Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 28/2-4
- Кабыл алынган күнү: 16.10.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.10.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/292175>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-37830/edition/831122/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/292175.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.10.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Октябрь айылдык Кенешенин 2017-жылдын 21-июнундагы № 28/2-4 "«Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитүү жөнүндө" токтому (16.10.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/292175

---

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Октябрь айылдык кенешенин 28 - чакырылышынын кезектеги сессиясы

2017-жылдын 21-июну № 28/2-4 «Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык, Чуй облусунун Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун талкуулап, жыйындарда жергиликтүү жамааттан, депуттардан түшкөн сын-пикир, сунуштарын эске алып, Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин туруктуу комиссияларынын корутундусун угуп, Кызыл-Октябрь айылдык кенеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна таянып, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркемедеги Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.

2. Ушул токтом жана Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб- сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин

Төрага

Усубалиев Э.А.
