Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Токмок шаардык кеңешинин «“Токмок Жылуулук” Муниципалдык ишканасы үчүн 3 (үч) жылдык мөөнөткө 70 000 000,0 (жетимиш миллион) сом өлчөмүндө республикалык бюджеттен бюджеттик насыя алууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2017-жылдын 06-июлу № 76/14-4 “Токмок Жылуулук” Муниципалдык ишканасы үчүн 3 (үч) жылдык мөөнөткө 70 000 000,0 (жетимиш миллион) сом өлчөмүндө республикалык бюджеттен бюджеттик насыя алууга макулдук берүү жөнүндө Токмок ш. биринчи вице-мэри Н.Б.Келдибековдун 2017-жылдын 15-июнундагы чыг.№1124/1-4 өтүнүч катын карап жана талкуулап чыгып жана экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 16-июнундагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Токмок Жылуулук” Муниципалдык ишканасынын от жагуу чарбасын жана жылуулук тармактарын реконструкциялоо үчүн 3 (үч) жылдык мөөнөткө 70 000 000,0 (жетимиш миллион) сом өлчөмүндө республикалык бюджеттен бюджеттик насыя алууга макулдук берилсин.
2. Бюджеттик насыяны алууга “Токмок Жылуулук” Муниципалдык ишканасынын мүлкү күрөө катары коюлсун.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Т.А. Солтобаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 27-июнундагы № 145/22-4 "Токмок шаардык кеңешинин токтомдорун аткарылышынын жүрүшү жана көзөмөлдөн алып салуу жөнүндө" токтомуПостановление · 27.06.2018 · № 145/22-4
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон