# Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 06-июлундагы № 79/14-4 "“Токмок Жылуулук” Муниципалдык ишканасына “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын алдындагы карыздарын жоюуга 15 000 000,0 (он беш миллион) сом өлчөмүндө акча каражаттарын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 06-июлундагы № 79/14-4 "“Токмок Жылуулук” Муниципалдык ишканасына “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын алдындагы карыздарын жоюуга 15 000 000,0 (он беш миллион) сом өлчөмүндө акча каражаттарын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 79/14-4
- Кабыл алынган күнү: 06.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/292083>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-37740/edition/829800/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 06-июлундагы № 79/14-4 "“Токмок Жылуулук” Муниципалдык ишканасына “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын алдындагы карыздарын жоюуга 15 000 000,0 (он беш миллион) сом өлчөмүндө акча каражаттарын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому (06.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/292083

---

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы

2017-жылдын 06-июлу № 79/14-4 “Токмок Жылуулук” Муниципалдык ишканасына “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын алдындагы карыздарын жоюуга 15 000 000,0 (он беш миллион) сом өлчөмүндө акча каражаттарын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө Токмок ш. мэри Ж.Дж.Шамыралиевдин 2017-жылдын 08-июнундагы чыг.№1076/1-4 катын карап жана талкуулап чыгып жана экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 20-июнундагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Токмок Жылуулук” Муниципалдык ишканасына колдонулган жаратылыш газы үчүн Токмок ш. ММБсы аркылуу “Мамлекеттик финансылык эмес ишканаларга субсидиялар” 2511-беренеси боюнча “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын алдындагы карыздарын жоюуга республикалык бюджеттен келип түшкөн 15 000 000,0 (он беш миллион) сом өлчөмүндө акча каражаттарын бөлүүгө макулдук берилсин.

2. “Токмок Жылуулук” МИси тарабынан алынган акча каражаттар максаттуу багыты боюнча так пайдаланылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Т.А. Солтобаев
