# Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 06-июлундагы № 83/14-4 "Токмок шаардык кеңешинин 2009-жылдын 18-августундагы №121/20-2 токтому менен бекитилген Токмок шаарын көрктөндүрүү Эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 06-июлундагы № 83/14-4 "Токмок шаардык кеңешинин 2009-жылдын 18-августундагы №121/20-2 токтому менен бекитилген Токмок шаарын көрктөндүрүү Эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 83/14-4
- Кабыл алынган күнү: 06.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/292079>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-37736/edition/829796/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 06-июлундагы № 83/14-4 "Токмок шаардык кеңешинин 2009-жылдын 18-августундагы №121/20-2 токтому менен бекитилген Токмок шаарын көрктөндүрүү Эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (06.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/292079

---

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы

2017-жылдын 06-июлу № 83/14-4 Токмок шаардык кеңешинин 2009-жылдын 18-августундагы №121/20-2 токтому менен бекитилген Токмок шаарын көрктөндүрүү Эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Токмок ш. ММБнын башкаруучусу Н.Н.Кошоевдин 30.05.2017-ж. №1007 кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып жана орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 30-июнундагы протоколуна ылайык, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаардык кеңешинин 2009-жылдын 18-августундагы №121/20-2 токтому менен бекитилген Токмок шаарын көрктөндүрүү Эрежелерине төмөндөгү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

Тиешелүү жөндөмөлөрдө “Токмок ш. КИК (Токмок ш. Коммуналдык ишканалар комбинаты)” деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөлөрдө “же башка ТККны жыйноону жана ташып чыгарууну уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу юридикалык же жеке жактар” деген сөздөр кошулсун.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Т.А. Солтобаев
