# Кара-Суу айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 01-декабрындагы № 29 "Кара-Суу айылынын күнгөй тарабындагы Талас дарыясынан жайга өтүүчү көпүрөгө ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Суу айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 01-декабрындагы № 29 "Кара-Суу айылынын күнгөй тарабындагы Талас дарыясынан жайга өтүүчү көпүрөгө ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Редакциянын күнү: 01.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/292063>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-37720/edition/829758/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Суу айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 01-декабрындагы № 29 "Кара-Суу айылынын күнгөй тарабындагы Талас дарыясынан жайга өтүүчү көпүрөгө ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому (01.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/292063

---

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Суу айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 40-сессиясы

2016-жылдын 01-декабры № 29 Кара-Суу айылынын күнгөй тарабындагы Талас дарыясынан жайга өтүүчү көпүрөгө ысым ыйгаруу жөнүндө Кара-Суу айылынын тургуну Кыдырбек уулу Имандын атасы Сапаралиев Кыдырбектин ысымын Талас дарыясынан жайга өтүүчү көпүрөгө ыйгаруу жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап, Кара-Суу айылдык аймактык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кара-Суу айылынын күнгөй тарабындагы Талас дарыясынан жайга өтүүчү көпүрөгө Сапаралиев Кыдырбектин ысымы ыйгарылсын.

2.Көпүрөнүн тегерегин кароо жана ондоп түздоо иштерин жүргүзүү уулу Кыдырбек уулу Иманга милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөт башчысы Р.Биримкуловго жүктөлсүн.

Төрага

Н.Курманалиева
