# Кара-Суу айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 03-ноябрындагы № 28 "Республикалык бюджеттен түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Суу айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 03-ноябрындагы № 28 "Республикалык бюджеттен түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 28
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/292062>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-37719/edition/829752/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Суу айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 03-ноябрындагы № 28 "Республикалык бюджеттен түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө" токтому (01.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/292062

---

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Суу айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 39-сессиясы

2016-жылдын 03-ноябры № 28 Республикалык бюджеттен түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Биримкуловдун Республикалык бюджеттен түшкөн акча каражаты жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык аймактык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Республикалык бюджеттен түшкөн 300000 (үч жүз миң)сом акча каражаты төмөнкүдөй багыттарга жумшалсын.

2. Кара-Суу айылдык аймагындагы айыл өкмөтүнүн кеңсесинде интернет байланышы жок болгондугуна байланыштуу интернет булагына туташтыруу үчүн 36300 (отуз алты миң үч жүз) сом каралсын.

3. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансында турган ТП-802 400квт трансформаторун Талас РЭСинин балансына өткөрүү үчүн 60000(алтымыш миң) сом жумшалсын.

4. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кеңсесине эмеректерди алуу үчүн 203700(эки жүз үч миң жети жүз) сом жумшалсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөт башчысы Р.Биримкуловго жүктөлсүн.

Төрага

Н.Курманалиева
