# Савай айылдык кеңешинин 2016-жылдын 21-январындагы № 1 "Савай айыл өкмөтүнө караштуу Савай айылынын көчөсүнө Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу Кыпчакбеков Камбаралинин ысымын берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Савай айылдык кеңешинин 2016-жылдын 21-январындагы № 1 "Савай айыл өкмөтүнө караштуу Савай айылынын көчөсүнө Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу Кыпчакбеков Камбаралинин ысымын берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/29200>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-3434/edition/824565/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Савай айылдык кеңешинин 2016-жылдын 21-январындагы № 1 "Савай айыл өкмөтүнө караштуу Савай айылынын көчөсүнө Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу Кыпчакбеков Камбаралинин ысымын берүү жөнүндө" токтому (21.01.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/29200

---

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Савай айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектүү I сессиясы

2016-жылдын 21-январы № 1 Савай айыл өкмөтүнө караштуу Савай айылынын көчөсүнө Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу Кыпчакбеков Камбаралинин ысымын берүү жөнүндө Савай айылдык кенеши Савай айылынын тургуну Кыпчакпаев Аширалинин арызын жана 2016-жылдын 18-январындагы чогулуш отурумун Кара-Суу Бириккен шаардык аскер комиссариатынын 2016-жылдын 18-январындагы №13 сандуу аныктамасын карап чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-июлундагы №159 токтомуна ылайык Савай айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ.

1. Улуу Ата-Мекен Согушунун катышуучусу Кыпчакбаев Камбаралинин ысымы өзү жашап өткөн көчөсүнө ыйгарылсын.

Савай айылдык кеңешинин төрагасы

Б. Мамашов
