# 7-статья. Кесиптик башталгыч билим берүү программалары

- Документ: [Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/292)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 26-ноябрындагы № 129 "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 26.11.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 мая 2021 года № 64 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О начальном профессиональном образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112235)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/292#diff=1276766..1276767>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/292/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-278/edition/1276763/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/292/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө, 7-статья (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/292/st-7

---

Кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарында төмөндөгүдөй негизги билим берүү программалары жүзөгө ашырылат:

- тиешелүү жаттардагы иш берүүчүлөрдүн бирикмелери менен макулдашылган, окутуу мөөнөтү 2-3 жылдан кем болбогон негизги жалпы билим берүүнүн базасында жалпы орто жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн интеграцияланган программасы;

- аскерге чакырууга чейинки даярдоонун 140 сааттык программасын камтыган, 1-2 жыл окутуу мөөнөтү менен жалпы орто билим албастан, негизги жалпы билим берүүнүн (9 класстын) базасында кесиптик башталгыч билим берүү программасы;

- 1 жылдан кем эмес окутуу мөөнөтү менен жалпы орто билим берүүнүн базасында кесиптик башталгыч билим берүү программасы;

- 1 жылга чейинки окутуу мөөнөтү менен кесиптик жактан даярдоо, кайра даярдоо жана адистигин жогорулатуу программасы.

Кесиптик башталгыч билим берүүнү башкаруучу органдар, эгерде окуп жаткан адам кыска мөөнөттө кесипке ээ боло алса, окуучунун арызы боюнча окуу мөөнөтүн кыскарта алат. Айрым өзгөчө учурларда, окуучунун окуу максатына жетиши үчүн, кесиптик башталгыч билим берүүнү башкаруу органы окуучунун арызы боюнча окуу мөөнөтүн узарта алат. (КР 2021-жылдын 22-майындагы № 64 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/292/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/292/st-8)
