# 3-статья. Кесиптик башталгыч билим берүү жагынан жарандардын укуктарынын мамлекеттик кепилдиги

- Документ: [Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/292)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 26-ноябрындагы № 129 "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 26.11.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 апреля 2008 года № 53 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О начальном профессиональном образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/202264)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/292#diff=1276763..1276764>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/292/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-278/edition/1276763/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/292/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө, 3-статья (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/292/st-3

---

Мамлекет билим берүүнүн тийиштүү тутумун, зарыл болгон социалдык-экономикалык шарттарды түзүп берүү, кесиптик башталгыч билим алып жаткан жарандарды укуктук жактан коргоону жүзөгө ашыруу жолу менен кесиптик башталгыч билим алууга Кыргыз Республикасынын жарандарынын укугун камсыз кылат. Мамлекет кесиптик башталгыч билим берүүнү:

- мамлекеттик бюджеттин каражатынын эсебинен кесиптик башталгыч билим берүүчү мамлекеттик мекемелерди (толук же жарым жартылай) каржылоо;

- жарандарга кесиптик башталгыч билим берүүгө кеңири жол ачуу;

- кесиптик башталгыч билим берүүчү мамлекеттик мекемелерде окуп жаткандарга мамлекеттик стипендияларды, жатаканаларда орундарды, жөлөкпулдарды жана жеңилдиктерди берүү, анын ичинде тамактанууга жана транспортто жүрүүгө, акысыз медициналык тейлөөгө жеңилдиктерди берүү;

- уюмдарда кызматкерлерди туруктуу түрдө милдеттүү кесиптик окутууну уюштуруу үчүн зарыл өбөлгөлөрдү түзүү;

- мамлекеттик эмес кесиптик башталгыч билим берүү окуу жайларын түзүүгө жана аны иштетүүгө көмөк көрсөтүү;

- кесиптик билим берүүнүн үзгүлтүксүздүгүнө жана бирдиктүүлүгүнө жолдоочулугуна көмөк көрсөткөн окуу - илимий-өндүрүштүк комплекстерди түзүүгө көмөк көрсөтүү аркылуу колдойт.

Жарандар ошондой деңгээлдеги билимди биринчи жолу алып жатышса, мамлекеттик окуу жайларда акысыз кесиптик башталгыч билим алуусу камсыз кылынат. Жарандарга билим берүү уюмун, ошондой эле кесиптик башталгыч билим алуу формаларын тандап алуу эркиндиги камсыз кылынат. Мамлекет кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында - акысыз жалпы орто, ал эми зарыл учурда негизги жалпы билим алуу үчүн шарт түзүүгө кепилдик берет. (КР 2008-жылдын 5-апрелиндеги № 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/292/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/292/st-4)
