# 22-статья. Кесиптик башталгыч билим берүү тутумундагы менчик мамилелери

- Документ: [Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/292)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 26-ноябрындагы № 129 "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 26.11.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 апреля 2012 года № 28 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О начальном профессиональном образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/203628)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/292#diff=1276765..1276766>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/292/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-278/edition/1276763/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/292/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө, 22-статья (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/292/st-22

---

Кесиптик башталгыч билим берүү тутумундагы жана кесиптик даярдоо тутумундагы менчик мамилелеринин жалпы жоболору Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик тутумунун билим берүүчү уюмдарына бекитилген менчик укугундагы объектилер (имараттар, курулуштар, мүлктүк комплекстер, жабдуулар, керектелүүчү, социалдык, маданий багыттагы зарыл мүлк) алынып коюлбайт жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн кызыкчылыгында гана пайдаланылышы мүмкүн, ал ошондой эле менчиктештирүүгө жатпайт. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик тутумунун билим берүүчү уюмдарынын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитетинин макулдашуусу боюнча бекитилет. Жеке жана юридикалык жактар берген акча каражаттарын, мүлктү жана башка объектилерди, окуу жайынын иш-аракетинин натыйжасы болуп саналган интеллектуалдык эмгек продуктусун, ошондой эле өз ишинин кирешелерин жана бул кирешеге сатылып алынган объектилердин менчик укугу кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарына таандык. Кесиптик башталгыч билим берүү тутумундагы мамлекеттик мүлктүн колдонулушуна контроль кесиптик башталгыч билим берүүнү башкаруучу республикалык органга жүктөлөт. (КР 2012-жылдын 10-апрелиндеги № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/292/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/292/st-23)
