# 21-статья. Кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарынын педагог кызматкерлери

- Документ: [Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/292)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 26-ноябрындагы № 129 "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 26.11.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2011 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203390)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.08.2011 [Закон КР от 8 августа 2011 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203390); 05.04.2008 [Закон КР от 5 апреля 2008 года № 53 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О начальном профессиональном образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/202264)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/292#diff=1276764..1276765>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/292/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-278/edition/1276763/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/292/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө, 21-статья (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/292/st-21

---

Педагогдук иш менен алектенүү укугуна зарыл билим жана тиешелүү педагогдук квалификация алган, бирок соттуулугу бар жана тизмеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган медициналык жактан терс мүнөздөлгөндөрдөн башка адамдар ээ. Педагогикалык билими жана квалификациясы жок адамдар педагогдук иш менен алектенүүгө кайра даярдоодон өткөндөн кийин укуктуу болот. Кесиптик башталгыч билим берүү ишиндеги педагог кызматкерлер окумуштуулук даражасы, педагогдук стажы үчүн кошумча акы алууга укуктуу. Педагог кызматкерлерге карата талаптар белгиленген тартипте бекитилүүчү адистик мүнөздөмөлөр менен аныкталат. Педагог кызматкерлер мамлекеттик билим берүү стандарттарынын сапаттуу жүзөгө ашырылышын камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат. Мамлекеттик кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарынын педагог кызматкерлеринин адистигин кеминде беш жылда бир жолу жогорулатуу үчүн зарыл шарттардын түзүлүшүн мамлекет камсыз кылат. Кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарынын педагог кызматкерлери мезгил менен аттестациядан өтүп турушат. Аттестация тартиби, аны өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү жана формалары кесиптик башталгыч билим берүүнү башкаруучу республикалык орган тарабынан белгиленет. (КР 2008-жылдын 5-апрелиндеги № 53, 2011-жылдын 8-августундагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) V Глава Башталгыч кесиптик билим берүү тутумунун экономикалык негиздери

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/292/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/292/st-22)
