20-статья. Кесиптик башталгыч билим берүү мекемелеринин окуучуларынын укуктары, милдеттери жана аларды социалдык жактан коргоо
Күчүн жоготкон · 11.08.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 11 августа 2023 года № 179.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 5 апреля 2008 года № 53
Окуп жаткандарды жана педагогдорду социалдык жактан коргоо "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген ченемдерге ылайык жүзөгө ашырылат. "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында бекемделген укуктар менен катар эле окуучулар:
- окуп жаткан мезгилде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген ченемдер боюнча материалдык жактан камсыз болууга;
- билим берүү мекемелеринин өз алдынча башкаруу органдарынын ишине катышууга;
- кесиптик союздарга жана башка коомдук уюмдарга кирүүгө;
- өндүрүштүк окуудан жана өндүрүштүк тажрыйбадан өтүп жаткан мезгилде белгиленген тартипте эмгек акы алууга укуктуу.
Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын окуучулары:
- билимге, ыкмаларга ээ болууга ;
- белгилеген мөөнөтүндө билим берүү программасында каралган тапшырмалардын бардык түрлөрүн аткарууга;
- уставды, ички жүрүш-туруш эрежелерин сактоого;
- өндүрүштүк тажрыйбадан өтүп жаткан мезгилинде тийиштүү уюмдардын кызматкерлеринин эмгегин жөнгө салган ченемдик актылардын талаптарын аткарууга милдеттүү.
Кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарынын уставында жана ички жүрүш-туруш эрежелеринде каралган милдеттерди окуучулардын бузгандыгы үчүн аларга карата окуу жайынан чыгарып жиберүүгө чейинки тартиптик жаза чаралары колдонулушу мүмкүн. Окуучулар кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарында күндүзгү бөлүмдө окуп жаткан мезгил Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпы пенсиялык камсыздандыруу стажына эсептелет. Бүтүрүүчүлөрдү эмгекке орноштуруу кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдары менен уюштуруу-укуктук түзүлүшүнө жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын ортосунда түзүлүүчү келишимдерге жараша же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жекече тартипте ишке ашырылат. Тандап алган кесип боюнча окууну улантууга тоскоолдук келтирген медициналык каршы көрсөткүчтөр болгон учурда бюджеттин каражаттарынын эсебинен окуп жаткан окуучу акысыз түрдө башка адистик алууга укуктуу. Окуудагы ийгиликтери жана окуу жайынын коомдук турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн окуучулар кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарынын уставына ылайык моралдык жана материалдык колдоо көрүшөт. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында окуп жаткан окуучуларды социалдык жактан колдоо үчүн "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык социалдык билим берүү кредиттери берилиши мүмкүн. Жетим балдарга жана ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) камкордугусуз калган балдарга билим берүү алар жашы жеткенге чейин мамлекеттик камсыздоонун негизинде жүргүзүлөт. Окугандарды окуудан жана окуу процессинен алаксытууга Кыргыз Республикасынын кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органынын уруксаты менен жол берилет. Окуу процессин бузгандыгы үчүн күнөөлүү (түз же кыйыр) адамдар окугандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тарткан моралдык жана материалдык зыяндарынын ордун толтуруп беришет. (КР 2008-жылдын 5-апрелиндеги № 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/292/st-20" title="20-статья - Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>