# 19-статья. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн сапатына мамлекеттик контроль

- Документ: [Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/292)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 26-ноябрындагы № 129 "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 26.11.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/292/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-278/edition/1276763/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/292/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө, 19-статья (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/292/st-19

---

Кесиптик башталгыч билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик контроль бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын жогорулатууга, мамлекеттик кесиптик башталгыч билим берүү тутумунун билим берүүчү уюмдарына бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды туура пайдаланууга, кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын сактоого багытталган. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн сапатына мамлекеттик контроль кесиптик башталгыч билим берүүнү башкаруучу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат. Берилген лицензияда каралган билим берүү иш-аракеттеринин шарттарынын сакталышына контроль кесиптик башталгыч билим берүүнү башкаруучу республикалык орган тарабынан камсыз кылынат. Билим берүү иш-аракеттеринин шарттары сакталбаган учурда берилген лицензия белгиленген тартипте алынып коюлушу мүмкүн. Каржылык иш-аракетке контроль тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат. IV Глава Кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарынын окуу ишинин субъектилери

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/292/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/292/st-20)
