# 18-статья. Кесиптик башталгыч билим берүүнү тескөө комиссиялары

- Документ: [Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/292)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 26-ноябрындагы № 129 "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 26.11.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/292/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-278/edition/1276763/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/292/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө, 18-статья (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/292/st-18

---

Республикалык, областтык, шаардык жана райондук деңгээлдерде ишке жалдоочулардын, кесиптик союздардын жана мамлекеттик бийлик органдарынын бирдей сандагы өкүлдөрү кирген үч тараптуу кесиптик башталгыч билим берүүнү тескөөчү комиссиялар түзүлөт. Комиссиялар коомдук башталышта иштейт. Тескөөчү комиссиялар:

- кесиптик башталгыч билим берүү жагынан мамлекеттик жана аймактык саясат;

- ишке жаддоочуларды кызматкерлерди даярдоого, кайра даярдоого жана адистигин жогорулатууга тартуунун деңгээли жана көлөмү;

- окутуунун жаңы натыйжалуу ыкмаларын киргизүү маселелери боюнча сунуштарды жана көрсөтмөлөрдү иштеп чыгышат.

Кесиптик башталгыч билим берүү боюнча тескөөчү комиссия жөнүндө типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/292/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/292/st-19)
