# 13-статья. Кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарынын түрлөрү

- Документ: [Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/292)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 26-ноябрындагы № 129 "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 26.11.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 апреля 2008 года № 53 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О начальном профессиональном образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/202264)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/292#diff=1276763..1276764>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/292/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-278/edition/1276763/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/292/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө, 13-статья (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/292/st-13

---

Кесиптик башталгыч билим берүү мекемелери коммерциялык эмес уюмдар болуп саналат. Кесиптик башталгыч билим берүү мекемелерине: кесиптик лицей - жалпы орто билим берүүнүн базасында жогорку деңгээлдеги адистик алып чыгууну камсыз кылуучу кесиптик башталгыч билим берүү программасы ишке ашырылган же орто жалпы жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн айкалыштырылган бирдей программалары боюнча окутуу ишке ашырылган мекеме; Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Жазаларды аткарчу башкы башкармалыгынын мекемелерине караштуу кесиптик окуу жайлар - өз алдынча эмгектенип кетүү үчүн жетиштүү болгон адистикке ээ болууну камсыз кылуучу кесиптик башталгыч билим берүү программасы ишке ашырылган мекеме; атайын кесиптик окуу жайы - билим жана тарбия берүүнүн өзгөчө шарттарына муктаж болгон адамдар үчүн мекеме; окуу-курс комбинаты (пункту) - окугандар белгилүү ишти же иштер тобун аткаруунун ыкмаларына тездик менен ээ болуучу окуу борбору же башка окуу жайлар; кесиптик лицейлер жана кесиптик окуу жайлар жеке ишкерлерди даярдоо жана колдоо үчүн бизнес-инкубаторлорду түзө алышат. Кесиптик башталгыч билим берүү тутумунда кесипке үзгүлтүксүз даярдоону жүзөгө ашыруучу айкалыштырылган билим берүү уюмдарын (анын ичинде окуу-илимий-өндүрүштүк комплекстерди) түзүүгө жол берилет. (КР 2008-жылдын 5-апрелиндеги № 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/292/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/292/st-14)
