13-статья. Кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарынын түрлөрү
Күчүн жоготкон · 11.08.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 11 августа 2023 года № 179.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 5 апреля 2008 года № 53
Кесиптик башталгыч билим берүү мекемелери коммерциялык эмес уюмдар болуп саналат. Кесиптик башталгыч билим берүү мекемелерине: кесиптик лицей - жалпы орто билим берүүнүн базасында жогорку деңгээлдеги адистик алып чыгууну камсыз кылуучу кесиптик башталгыч билим берүү программасы ишке ашырылган же орто жалпы жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн айкалыштырылган бирдей программалары боюнча окутуу ишке ашырылган мекеме; Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Жазаларды аткарчу башкы башкармалыгынын мекемелерине караштуу кесиптик окуу жайлар - өз алдынча эмгектенип кетүү үчүн жетиштүү болгон адистикке ээ болууну камсыз кылуучу кесиптик башталгыч билим берүү программасы ишке ашырылган мекеме; атайын кесиптик окуу жайы - билим жана тарбия берүүнүн өзгөчө шарттарына муктаж болгон адамдар үчүн мекеме; окуу-курс комбинаты (пункту) - окугандар белгилүү ишти же иштер тобун аткаруунун ыкмаларына тездик менен ээ болуучу окуу борбору же башка окуу жайлар; кесиптик лицейлер жана кесиптик окуу жайлар жеке ишкерлерди даярдоо жана колдоо үчүн бизнес-инкубаторлорду түзө алышат. Кесиптик башталгыч билим берүү тутумунда кесипке үзгүлтүксүз даярдоону жүзөгө ашыруучу айкалыштырылган билим берүү уюмдарын (анын ичинде окуу-илимий-өндүрүштүк комплекстерди) түзүүгө жол берилет. (КР 2008-жылдын 5-апрелиндеги № 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-мартындагы № 34-б ( Кесиптик лицейлердин алдындагы окуу-өндүрүштүк комплекстерди түзүү жөнүндө"Распоряжение · 01.03.2019 · № 34-р
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004-жылдын 22-октябрынын, №772 " Жалпы орто билим беруу жонундо" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Окмотунун…Постановление · 22.10.2004 · № 772 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/292/st-13" title="13-статья - Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>