# 10-статья. Кесиптик башталгыч билими жөнүндө документтер

- Документ: [Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/292)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 26-ноябрындагы № 129 "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 26.11.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 апреля 2008 года № 53 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О начальном профессиональном образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/202264)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/292#diff=1276763..1276764>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/292/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-278/edition/1276763/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/292/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө, 10-статья (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/292/st-10

---

Кесиптик башталгыч билим берүү программалары боюнча окуусун аяктап жана жыйынтыктоочу аттестациядан өткөндөргө тийиштүү билим деңгээли жөнүндө документтер берилет. Мамлекеттик үлгүдөгү документтин формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Кесиптик башталгыч билим алгандыгын ырастаган документтердин төмөндөгүдөй түрлөрү бар: кесиптик башталгыч билим жөнүндө диплом - кесиптик башталгыч билим берүүнүн милдеттүү программасын өздөштүргөндөргө берилет. Жалпы орто жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн айкалыштырылган программаларын өздөштүргөндөргө ошондой эле жалпы орто билими жөнүндө аттестат берилет; сертификат - кыска мөөнөттүү кесиптик даярдыктан өткөрүү, кайра даярдоо жана адистигин жогорулатуу программаларын өздөштүргөндөргө берилет; күбөлүк - атайын уюмдар менен ведомстволор көзөмөлдөгөн объектилерде иштөө менен байланышкан кесиптер боюнча билим берүү программаларын өздөштүргөндөргө объектилерде же транспорт каражаттарында иштөөгө уруксат берүү үчүн берилет. Күбөлүк кесиптик башталгыч билим жөнүндө диплом менен бирге же өзүнчө берилиши мүмкүн. (КР 2008-жылдын 5-апрелиндеги № 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/292/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/292/st-11)
