10-статья. Кесиптик башталгыч билими жөнүндө документтер
Күчүн жоготкон · 11.08.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 11 августа 2023 года № 179.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 5 апреля 2008 года № 53
Кесиптик башталгыч билим берүү программалары боюнча окуусун аяктап жана жыйынтыктоочу аттестациядан өткөндөргө тийиштүү билим деңгээли жөнүндө документтер берилет. Мамлекеттик үлгүдөгү документтин формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Кесиптик башталгыч билим алгандыгын ырастаган документтердин төмөндөгүдөй түрлөрү бар: кесиптик башталгыч билим жөнүндө диплом - кесиптик башталгыч билим берүүнүн милдеттүү программасын өздөштүргөндөргө берилет. Жалпы орто жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн айкалыштырылган программаларын өздөштүргөндөргө ошондой эле жалпы орто билими жөнүндө аттестат берилет; сертификат - кыска мөөнөттүү кесиптик даярдыктан өткөрүү, кайра даярдоо жана адистигин жогорулатуу программаларын өздөштүргөндөргө берилет; күбөлүк - атайын уюмдар менен ведомстволор көзөмөлдөгөн объектилерде иштөө менен байланышкан кесиптер боюнча билим берүү программаларын өздөштүргөндөргө объектилерде же транспорт каражаттарында иштөөгө уруксат берүү үчүн берилет. Күбөлүк кесиптик башталгыч билим жөнүндө диплом менен бирге же өзүнчө берилиши мүмкүн. (КР 2008-жылдын 5-апрелиндеги № 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Постановление Правительства КР от 14 июня 2000 года N 337 "Об утверждении форм документов о начальном профессиональном образовании"Постановление · 14.06.2000 · № 337 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-февралындагы № 58 токтомуПостановление · 04.02.2020 · № 58
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-февралындагы № 58 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 3-октябрындагы № 560 "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө документтердин формаларын…Постановление · 04.02.2020 · № 58 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/292/st-10" title="10-статья - Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>