# Чүй айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 04-майындагы № 4/2 “Чүй айыл өкмөтүнүн 2017 – жылга сметалык бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү тууралу” токтому

- Толук аталышы: Чүй айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 04-майындагы № 4/2 “Чүй айыл өкмөтүнүн 2017 – жылга сметалык бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү тууралу” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4/2
- Кабыл алынган күнү: 31.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/291712>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-37391/edition/822448/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/291712.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чүй айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 04-майындагы № 4/2 “Чүй айыл өкмөтүнүн 2017 – жылга сметалык бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү тууралу” токтому (31.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/291712

---

ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 31-майы № 4/2 “Чүй айыл өкмөтүнүн 2017 – жылга сметалык бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү тууралу” Чүй айыл өкмөтүнүн каржы - экономика бөлүмүнүн башчысы А. Малдыбаеванын “2017 – жылга карата Чүй айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү тууралу маалыматын” угуу менен Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 31 – беренеси, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 13-беренесине ылайык Чүй айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй айыл өкмөтүнүн 2017 – жылга карата сметалык бюджетинин киреше бөлүгүнүн жалпы суммасы 31493,6 миң сомго бекитилсин. Анын ичинен:

Жергиликтүү бюджеттен – 27078,0 миң сом. Атайын эсептен – 3965,6 миң сом. Жайыт комитетинен - 450,0 миң сом

2. Чүй айыл өкмөтүнүн 2017 – жылга сметалык бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн суммасы – 31493,6 миң сомго бекитилсин.

3. 2017-жылга Чуй айыл өкмөтүндө келишимдин негизинде ишке тартылган адамдардын эмгек маянасына 2016-жылдын бюджетинин калдыгынын эсебинен жергиликтүү бюджетинен 267,6 миң сом жана атайын эсепте калган 44,5 миң сом акча каражатынын калдыгын төлөп берүүгө макулдук берилсин.

4. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык Кеңешинин бюджет, каржы комитетинин төрайымы А. Иманалиевага жүктөлсүн.

Төрага

З. Амангельдиев
