Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Каракол шаардык Кеңешинин «Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин адис-иш кагазын алып баруучуга, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин архивдик ишин алып баргандыгы үчүн, кошумча акы төлөп берүүгө, Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2015-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2016-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө» токтому
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 29-июлу № 27-8/2 Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин адис-иш кагазын алып баруучуга, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин архивдик ишин алып баргандыгы үчүн, кошумча акы төлөп берүүгө, Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2015-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2016-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө Каракол шаардык мамлекеттик архивинин жетекчиси Г.Джапарованын 2016-жылдын 27-январындагы, чыг.№01-17/12 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы, №499 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасындагы иш алып баруу боюнча типтүү нускамага өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндөгү" токтомун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссияларынын, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин адис-иш кагазын алып баруучуга, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин архивдик ишин алып баргандыгы үчүн, кошумча акы төлөп берүүгө, Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2015-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2016-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү корутундуларын эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын VIII сессиясы: ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын финансы бөлүмү (Г.С.Толумбекова), Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2015-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2016-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен, 24 456 сом өлчөмүндөгү акча каражатын, Каракол шаарынын мэриясынын башкы бухгалтери М.Жумадылованын эсебине ылайык, каржыласын. (№1 тиркеме).
2. Каракол шаардык депутаттар Кеңеши, адис-иш кагаздарын алып баруучу А.К.Бошкоевага, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин архивдик ишин алып баргандыгы үчүн, 2016-жылдын 1-июлунан тартып, бөлүнгөн акча каражаттын эсебинен кошумча айлык акы төлөсүн.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Г.Р.Хурова) жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин биринчи орун басары У.Ж.Иманакуновго жүктөлсүн.
Төрага
Э.Айсаракунов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 499 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү…Постановление · 09.09.2013 · № 499 · Күчүн жоготкон