# Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 09-июнундагы № 19 "Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 114 «Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен Бишкек шаарынын өнүгүүсүнө багытталган жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун каржылоону уюштуруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 09-июнундагы № 19 "Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 114 «Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен Бишкек шаарынын өнүгүүсүнө багытталган жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун каржылоону уюштуруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 09.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/291629>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-37310/edition/822618/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/291629.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 09-июнундагы № 19 "Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 114 «Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен Бишкек шаарынын өнүгүүсүнө багытталган жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун каржылоону уюштуруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (09.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/291629

---

Бишкек ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2017-жылдын 09-июну № 19 Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 114 «Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен Бишкек шаарынын өнүгүүсүнө багытталган жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун каржылоону уюштуруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын «Борбордун статусу жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 114 «Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен Бишкек шаарынын өнүгүүсүнө багытталган жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун каржылоону уюштуруу жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун гранттык комиссиясынын курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Ж. Ж. Алымов), жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына (А. Б. Бактыбеков) жана Бишкек шарынын мэри А. С. Ибраимовго жүктөлсүн.

Төрага

К. Б. Музуралиев

Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын «\_\_\_» \_\_\_\_\_\_ №\_\_\_\_ токтомуна тиркеме

Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун гранттык комиссиясынын курамы

1. Комиссиянын төрагасы – Бюджет жана финансы маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри;

2. Комиссиянын төрагасынын орун басары - Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;

3. Комиссиянын катчысы - Шаарды өнүктүрүү агенттигинин директору.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Бишкек шаардык кеңештин ар бир фракциясынан бирден өкүл;

5. Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;

6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек башкармалыгынын начальниги;

7. Бишкек шаарынын мэриясынын турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын начальниги.

Төрага

М. Алымбеков
