# Кең-Арал айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 23-майындагы № 2 "Айылдык аймакта долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо өткөрүү тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кең-Арал айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 23-майындагы № 2 "Айылдык аймакта долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо өткөрүү тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 23.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/291513>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-37207/edition/820852/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кең-Арал айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 23-майындагы № 2 "Айылдык аймакта долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо өткөрүү тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому (23.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/291513

---

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Кең-Арал айылдык аймактык Кеңешинин XXXIХ-чакырылышынын кезексиз сессиясы

2017-жылдын 23-майы № 2 Айылдык аймакта долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо өткөрүү тууралуу жобону бекитүү жөнүндө Аймактарды өнүктүрүү фонддорун түзүү тартиби жөнүндө типтүү жобого (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы №633 токтому менен бекиген) жана Жергиликтүү коомчулуктун уставына ылайык, долбоордук каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу жана анын бекитилген пландарга шайкеш келишин, долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо максатында:

1. Айылдык аймакта долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо өткөрүү тууралуу жобо (мындан ары - Жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом Бакай-Ата райондук “Айыл жарчысы” гезитинде расмий сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын уюштуруу айыл өкмөттүн адиси Н.Аманов жана Мониторинг тобунун төрагасы Б.Төрөкуловго жүктөлсүн.

Төрага

И.Жумабеков
