# Мады айылдык кеңешинин 2017-жылдын 11-январындагы № 5 "Мады айыл Өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы аты жок көчөлөргө ат коюу жана кайрадан атоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Мады айылдык кеңешинин 2017-жылдын 11-январындагы № 5 "Мады айыл Өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы аты жок көчөлөргө ат коюу жана кайрадан атоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 30.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/291413>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-37114/edition/822778/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мады айылдык кеңешинин 2017-жылдын 11-январындагы № 5 "Мады айыл Өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы аты жок көчөлөргө ат коюу жана кайрадан атоо жөнүндө" токтому (30.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/291413

---

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Мады айылдык кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясы

2017-жылдын 11-январы № 5 Мады айыл Өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы аты жок көчөлөргө ат коюу жана кайрадан атоо жөнүндө Мады айыл өкмөтүнүн Учкун айылындагы эл оозунда атлап жүргөн «Жоош» жана «Учкун» көчөлөрүнүн аттарын өзргөтүү жөнүндөгү айыл тургундарынын арыздарын жана сунуштарын угуп жана Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамынын 7 – беренесин негиз кылыпМады айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Учкун айылындагы эл оозунда аталып жүргөн “Жоош” жана “Учкун” көчөлөрүнүн аттары өзгөртүлүп жаны аталыштар ыйгарылсын

2. Жоош көчөсүнө ушул айылда жашап өткөн маркум Зикиров Бекмураттын аты ыйгарылсын

3. Учкун көчөсүнө ушул айылда жашап өткөн маркум Эргешов Тагайдын аты ыйгарылсын

4. Жаныдан аталышка ээ болгон Зикиров Бекмурат жана Эргешов Тагай атындагы көчөлөрүнө көчөлөрдүн аттары жазылган көчө белгилерин жаздырып илдируу, көчөнү жашылдандыруу, жолдорун ондоо жана жарыктандыруу жагы жогорудагы көчөлөргө аттары ыйгарылган маркумдар Зикиров Бекмураттын жана Эргешов Тагайдын балдарына жана жакын туугандарына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин тийиштүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

С.Асанов
