Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жаӊы-Алыш айылдык кеңешинин «Коомдук алдын алуу борборунун жобосун бекитүү жөнүндө» токтому
ЖАҢЫ-АЛЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2016-жылдын 06-майы № 27-37/121 Коомдук алдын алуу борборунун жобосун бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” мыйзамынын 14-беренесинин, укук тартиби, коргоо маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын чечиминин негизинде, Коомдук алдын алуу борборлорунун ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу, Жаӊы-Алыш айыл аймагында укук бузуулар жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө ИИБ менен өз ара байланышта иштөөнү бекемдөө максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Коомдук алдын алуу борборунун жобосу бекитилсин.
2. Коомдук алдын алуу борборунун жобосун
Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгы тарабынан каттодон өткөрүү жана мөөрүн, штампын алуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Коомдук алдын алуу борборунун уставын
Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгы тарабынан каттодон өткөрүү, мөөрүн, штампын жана «Ак-сакалдар» сотунун мөөрүн, штампын алуу, үчүн жергиликтүү бюджеттен КААБ ка каралган акча каражатынан бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага
К.А.Абдылдаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөЗакон · 13.01.2000 · № 3
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндөЗакон · 25.06.2005 · № 82 · Күчүн жоготкон