# Кош-Дөбө айыл аймактык кеңешинин 2016-жылдын 4-августундагы № 24/125 "Кош-Дөбө айыл аймагынын жетектөөчү адис статист кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдиги тууралу келишимди бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кош-Дөбө айыл аймактык кеңешинин 2016-жылдын 4-августундагы № 24/125 "Кош-Дөбө айыл аймагынын жетектөөчү адис статист кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдиги тууралу келишимди бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 24/125
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/291076>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-36801/edition/741934/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кош-Дөбө айыл аймактык кеңешинин 2016-жылдын 4-августундагы № 24/125 "Кош-Дөбө айыл аймагынын жетектөөчү адис статист кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдиги тууралу келишимди бекитүү жөнүндө" токтому (04.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/291076

---

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 4-августу № 24/125 Кош-Дөбө айыл аймагынын жетектөөчү адис статист кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдиги тууралу келишимди бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бекитүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө № 145 токтомунун негизинде Кош-Дөбө айыл аймактык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагында статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Кочкор райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Кош-Дөбө айыл аймагынын ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишими жана жетектөөчү адис статистик штат бирдиги бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы Министирлигинен, түзулгөн келишимдин негизинде жана Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесинин талаптарына ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жетектөөчү адисти каржылоого керектелүүчү финансылык каражаттарды жергиликтүү бюджетке которуп берүү жагы суралсын.

3. Кош-Дөбө айыл аймагы статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жетектөөчү адисти кызматтык бөлмө менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.

4. Кош-Дөбө айыл аймагынын башчысына келишимде көрсөтүлгөн статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жетектөөчү адистин иш милдеттерин аткарууга кеткен чыгымдарын жергиликтүү бюджетке которулуусуна жана акча каражаттарынын мыйзам чегинде чыгымдалышына көзөмол жүргүзүү жагы тапшырылсын.

Төрага

А. Байташов
