# 9-статья. Улуттук инновациялык саясатты жүзөгө ашыруу

- Документ: [Инновациялык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/291)
- Документтеги орду: IV Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 26-ноябрындагы № 128 "Инновациялык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 26.11.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 марта 2023 года № 65 "Об инновационной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112546)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/291/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-277/edition/1245049/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/291/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инновациялык иш жөнүндө, 9-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/291/st-9

---

Мамлекеттин улуттук инновациялык саясаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат жана төмөнкүлөрдү камтыйт: инновация жаатында улуттук саясаттын маселелери боюнча чечимдерди даярдоого жана иш жүзүнө ашырууга жооп берүүчү борбордук Башкармасы менен мамлекеттик инновациялык-инвестициялык тармакты (мындан ары-тармак) түзүүнү; тармактын башкармасы даярдаган мамлекеттик улуттук инновациялык программаларды жана өлкөнүн эл аралык инновациялык программаларга катышуусу тууралу сунуштарды бекитүүнү; улуттук инновациялык иштин субъектилеринин продукциясына мамлекеттик сатып алуунун жана продукцияга мамлекеттик заказдардын артыкчылыгын; тармактын башкармасынын инновациялык саясатты, макулдашылган чечимдер менен программаларды турмушка ашырууга багытталган иш-чараларды иштеп чыгышын жана жүзөгө ашырышын; инновациялык мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун даярдоону.

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/291/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/291/st-10)
