# 6-статья. Улуттук инновациялык доктрина

- Документ: [Инновациялык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/291)
- Документтеги орду: III Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 26-ноябрындагы № 128 "Инновациялык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 26.11.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 марта 2023 года № 65 "Об инновационной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112546)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/291/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-277/edition/1245049/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/291/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инновациялык иш жөнүндө, 6-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/291/st-6

---

Улуттук инновациялык доктрина (мындан ары - доктрина) табигый ресурстарды, республиканын кадрлык жана өнөр жайлык дараметин, калыптанган жана келечектүү эл аралык байланыштарды, калктын керектөөлөрүн, каржылоону тартуунун мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен инновациялык иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты калыптандырууга негиз болуучу жетектөөчү принциптердин тутуму. Доктрина үзгүлтүксүз сыноону, түшкөн сунуштар менен пикирлерди эске алуу менен аны коомдук талкуулоону, оңдоп турууну, ошондой эле республиканын аткаруучу жана мыйзам чыгаруучу органдары менен макулдашууну талап кылат.

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/291/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/291/st-7)
