# 5-статья. Инновациялык ишти мамлекеттик жөнгө салуунун принциптери

- Документ: [Инновациялык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/291)
- Документтеги орду: II Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 26-ноябрындагы № 128 "Инновациялык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 26.11.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 марта 2023 года № 65 "Об инновационной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112546)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/291/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-277/edition/1245049/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/291/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инновациялык иш жөнүндө, 5-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/291/st-5

---

Инновациялык ишти мамлекеттик жөнгө салуунун негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат: республиканын өнүгүүнүн инновациялык моделине стратегиялык багытталгандыгы; инновациялык иштин жана ишкердиктин активдешүүсүндө рыноктук механизмдер менен мамлекеттик жөнгө салуунун оптималдуу айкалышуусу; топтолгон илимий-техникалык дараметти (потенциалды) пайдалануунун натыйжалуулугунун жогорулашы; инновациялык иштин социалдык-экономикалык артыкчылыктарга, ички рыноктун керектөөлөрүн максималдуу канааттандырууга, импортту алмаштырууга, дүйнөлүк рынокто жаңы бийиктиктерге чыгууга багытталышы; инновациялык активдүүлүктү жөнгө салууда кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү, узак мөөнөттүү инновациялык болжолдоону колдонуу; улуттук өндүрүүчүлөрдү кредит саясаты, салык кредиттери, салыктык жана бажылык жеңилдиктер жана башка преференциялар менен колдоо; инновациялык ишке, анын бардык субъектилери үчүн алардын уюмдаштыруу - укуктук формаларынын жана менчиктик түрүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ыңгайлуу шарттарды түзүү; инвестицияларды тартуу жана технологиялардын трансфери боюнча чет элдик шериктер менен өз ара пайдалуу кызматташууга шарт түзүү жана аны колдоо; инновациялык ишти башкаруунун акыркы натыйжага багытталган туюк тутумун уюштуруу; интеграциялануучу (комплекстүү), жакшыртуучу жана базистик инновацияларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл инфраструктураларды максаттуу өнүктүрүү; коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктарга, гумандуулуктун жана адептүүлүк принциптерине кайчы келген, экономикалык, экологиялык жана санитариялык-эпидемиологиялык коопсуздукка, өлкөнүн жарандарынын укуктарына жана мыйзам тарабынан корголгон кызыкчылыктарына коркунуч келтирген инновацияларга тыюу салуу.

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/291/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/291/st-6)
