3-статья. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Күчүн жоготкон · 23.03.2023 редакциясы · I Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 марта 2023 года № 65.
3-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 3-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөндөгүдөй негизги терминдер жана түшүнүктөр пайдаланылат: инновациялык иш - жаңы же рынокто жетишпеген товарларды (кызматтарды) өндүрүүнү даяр кылып бүткөрүүгө багытталган иш; инновация (новация) - инновациялык иштин жаңы же рынокто жетишпеген же сапаты жакшыртылган товар (кызмат) түрүндөгү акыркы натыйжасы; интеграциялануучу инновация - жетишкендиктердин (билимдердин, технологиялардын, жабдуулардын) мурда топтолгон жана дүйнөлүк практикада текшерилген оптималдуу жыйындысын (комплексин) пайдалануунун (интеграциялоонун) эсебинен алынган инновация. Интеграциялануучу инновациялар өндүрүш ишине каражаттарды баарынан натыйжалуу салуу; базистик инновация - улам кийинки муундагы тутумдарды (товарларды, машиналарды, технологияларды, жабдууларды) түзүүгө мүмкүндүк берүүчү жаңы фундаменталдык илимий жетишкендик негиз болгон инновация. Базистик инновациялардын айырмалануучу өзгөчөлүктөрү кыйла көлөмдөгү илимий-изилдөө иштери жана тажрыйба конструктордук иштердин зарылдыгы болуп саналат. Базистик инновациялар бир катар аралаш өндүрүштөрдү кайра курууну болжолдойт, жогорулатылган старттык капиталдык салымдарга байланышкан жана узак мөөнөттүү келечекке эсептелген. Базистик инновацияларды жүзөгө ашыруучу инфраструктура академиялык институттарды, мамлекеттик илимий борборлорду жана өндүрүштүк бирикмелерди өзүнө камтыйт, башкача айтканда, каржылык-өнөр жайлык топ катары курулат; жакшыртуучу инновация - рыноктогу тигил же бул товардын (кызматгын) мүнөздөмөлөрүн (параметрлерин) жакшыртуу максатында атайы заказ берилген илимий, технологиялык, уюштуруу же долбоорлоо иштеринин натыйжаларынын негизинде алынган инновация. Инновацияларды жакшыртуучу инфраструктура тармактык долбоорлоо-технологиялык жана изилдөө институттарына негизделет; инноватика - инновациялык иштин усулун жана аны уюштурууну камтыган билимдер чөйрөсү; инжиниринг - инновациялык ишмердиктин төмөнкү этаптарын: маркетинг, долбоорго чейинки изилдөө-иликтөө, техникалык-экономикалык негиздөө, долбоорду иштеп чыгуу, жабдууну комплекти менен алып келүү, персоналды даярдоо, өндүрүштү толук даярдап тапшыруу, сервистик коштоонун ишке ашырылышын камсыз кылуучу уюштуруу технологиясы; "толук даяр кылып бүткөрүү" - жалпысынан түзүлгөн объектинин (тутумунун) иштеши үчүн аткаруучунун жоопкерчилигин болжолдоочу инновациялык долбоордун анын бардык түзүүчүлөрү менен бирдикте комплекстүү аяктоо денгээлин билгизет; мында заказчы кандайдыр бир кошумча жумуштарды жүргүзбөстөн, түзүлгөн өндүрүштү эксплуатациялоого жана өндүрүлгөн товарларды же кызмат көрсөтүүнү ишке ашырууга киришкенде акыркы натыйжага жетишилет; инвестициялар - капиталды товар (кызмат көрсөтүү жана технологиялар) өндүрүшүн түзүүгө салуу; инновациялык-инвестициялык процесс - инвестициялык жана инновациялык процесстерди бирдиктүү циклге жана бирдиктүү башкарууга бириктирүүчү процесс; толук инновациялык-инвестициялык цикл - инвестицияны камсыз кылууну, маркетингди, долбоор-заказды толук даярдаганга чейин ишке ашырууну, товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү реинвестицияларды иш жүзүнө ашырууну жана башка бирдиктүү компьютерлештирилген башкарууну камтыган иш-аракеттердин ырааттуулугу; инфраструктура - проблемаларды (маселелерди) чечүү үчүн негизди камсыз кылуучу өз ара байланышкан тейлөө структураларынын (түзүүчүлөрдүн) комплекси; инновациялык инфраструктура - инновациялык ишти тейлөөчү жана жүзөгө ашырууну камсыз кылуучу өз ара байланышкан структуралардын комплекси; инновациялык-инвестициялык инфраструктура - инновациялык-инвестициялык процесстерди тейлөөчү жана жүзөгө ашырууну камсыз кылуучу өз ара байланышкан структуралардын комплекси; тармак - ушул Мыйзамга ылайык республиканын бардык региондорунда түзүлүүчү мамлекеттик тармактык инновациялык-инвестициялык структура; башкаруу - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштеп жаткан мамлекеттик илимий мекемелер жана билим берүү мекемелердин, ошондой эле тармактык министрликтердин базасында түзүлүүчү тармакты башкаруу органы.
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/291/st-3" title="3-статья - Инновациялык иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>