# 19-статья. Инновациялык ишти каржылоо

- Документ: [Инновациялык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/291)
- Документтеги орду: VII Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 26-ноябрындагы № 128 "Инновациялык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 26.11.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 марта 2023 года № 65 "Об инновационной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112546)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/291/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-277/edition/1245049/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/291/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инновациялык иш жөнүндө, 19-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/291/st-19

---

Инновациялык программалар менен долбоорлорду каржылоонун булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- бюджеттик ассигнованиелер;

- бюджеттен тышкаркы атайын фондулардын каражаттары;

- уюмдардын өздүк каражаттары;

- коммерциялык структуралардын каржы ресурстары;

- банк кредиттери;

- чет өлкөлүк инвестициялар;

- жеке жактар топтогон менчик каражаттар.

Мамлекет колдонмо мүнөздөгү илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди артыкчылык менен каржылоону ал илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштер аякталгандан кийин өндүрүштө колдонулушун жетекчиликке алуу менен каржылайт. Программаларды каржылоо кайтарымдык негизде таламдаш тараптардын үлүштөн катышуусунда ишке ашырылат. Мамлекет инновациялык иштин менчигинин формасына карабастан ишин илим жана техника чөйрөсүндө жүргүзгөн бардык мекемелер менен уюмдарга бирдей шарттарды түзүү аркылуу коргоону жана колдоону кепилдикке алат.

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/291/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/291/st-20)
