18-статья. Алдыңкы техниканын жана жаңы технологиялардын борборлору
Күчүн жоготкон · 23.03.2023 редакциясы · VII Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 марта 2023 года № 65.
Алдыңкы техниканын (техника борборлору) жана жаңы технологиялардын (технология парктары) инновациялык борборлору экономиканы структуралык кайра курууга, экономика тармактарында техникалык жана технологиялык үзгүлтүктөн чыгууга мүмкүндүк берүүчү айрыкча натыйжалуу каражат болуп саналышат. Техникалык борборлор менен технологиялык парктар биринчи кезекте депрессияга көбүрөөк дуушарлануучу жана өндүрүшүнүн төмөндөөсү тез-тез болуп туруучу аймактарда (өспөй калган аймактар) түзүлөт. Борборлор ийне-жибине чейин иштелген, иштеп чыгууну, өндүрүүнү жөнгө салууну жана рынокко чыгууну камтыган илимий-инновациялык коммерциялык пландардын базасында түзүлөт. Борборлордун инфраструктурасы илимий лабораторияны же институтту, өндүрүштү, сертификаттоо жана маркетинг бөлүмдөрүн жана башкаларды камтышы мүмкүн. Борборлор тармактык илимий-изилдөө институттарына баш ийишет жана алар менен бирдикте тармактын курамына кирет.
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/291/st-18" title="18-статья - Инновациялык иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>