10-статья. Тармактын негизги милдеттери
Күчүн жоготкон · 23.03.2023 редакциясы · V Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 марта 2023 года № 65.
Ушул мыйзамга ылайык түзүлүүчү тармак илимий-техникалык прогресстин жетишкендиктерин товар өндүрүүгө жана кызмат көрсөтүүгө натыйжалуу берүү жолу менен акыркы натыйжаны төмөндөгүдөй маселелерди чечүүнүн эсебинен камсыз кылат: тармактын долбоорлорунун жетекчилерин тандоо жана даярдоо, алардын квалификациясын жогорулатуу, долбоор-заказдарды толук даярдыкка чейин жүзөгө ашыруунун практикалык тажрыйбаларын топтоо жана жалпылоо; долбоорлордун жетекчилерин долбоор-заказды толук даярдыкка чейин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтар базасы (технологиялар, адистер, жабдуу, контрагенттер, жабдуу берүүчүлөр ж.б.) менен камсыз кылуучу тутумду түзүү; республиканын региондорунда долбоорлордун жетекчилерине кыска мөөнөттө берилген региондо атаандаштыкка жөндөмдүү долбоор-заказдарды толук даярдыкка чейин автоматгаштырылган жүзөгө ашырууну камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү долбоорлорду башкаруу тутумдарын түзүү, өнүктүрүү жана көбөйтүү; инновациялык жана инвестициялык функцияларды бирдиктүү башкарууга бириктирген жана ошону менен толук инновациялык-инвестициялык циклди автоматташтырылган жүзөгө ашыруунун мөөнөтүн кыскартуучу инновациялык инвестициялык механизмди иштеп чыгуу, өнүктүрүү жана практикалык колдонуу; республиканын региондорунда бийликтин аймактык органдары менен бирдикте максаттуу багытталган инновациялык-инвестициялык саясатты жүргүзүү; жаңы жумушчу орундарын түзүү, долбоор-заказдарды атаандаштыкка жөндөмдүү толук даярдыкка чейин жүзөгө ашыруу менен чыгарылуучу товарлардын жана кызмат көрсөтүүнүн көлөмүн көбөйтүү жана сапатын жакшыртуу; региондордун ишканалары менен уюмдарына сапат тутумун киргизүү: түрдүү проблемаларды чечүү үчүн учурдагы жана түзүлүп жаткан инновациялык инфраструктураларды талдоо, аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; өлкөнүн бардык региондорундагы калктын калың катмарынын ичинде инновациялык-инвестициялык иштин социалдык-экономикалык маанисин түшүнүүнү калыптандыруу; иштери республикадагы инновациялык-инвестициялык ишти жандандырууга багытталган коомдук уюмдарды, кыймылдарды колдоо; калктын каражаттарын экономика тармактарын инвестициялоого тартуу.
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/291/st-10" title="10-статья - Инновациялык иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>