# Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2016-жылдын 10-майындагы № 01-05/ 246 "Усенов Эрнисттин арызы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2016-жылдын 10-майындагы № 01-05/ 246 "Усенов Эрнисттин арызы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-05/246
- Кабыл алынган күнү: 10.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.05.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/290984>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-36709/edition/740965/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2016-жылдын 10-майындагы № 01-05/ 246 "Усенов Эрнисттин арызы жөнүндө" токтому (10.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/290984

---

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 10-майы № 01-05/ 246 Усенов Эрнисттин арызы жөнүндө Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXVI сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын тургуну Усенов Эрнисттин Ленина №21 көчөсүндөгү административдик имаратынын (мурдагы торгдун конторасы) пайдалануу багытын турак-жай куруу үчүн өзгөртүүгө уруксат сураган арызын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 252 токтому менен бекитилген Жобого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген типтүү Жобого негиз ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаарынын тургуну Усенов Эрнисттин арызы канааттандырылсын.

2. Пайдалануу багытын өзгөртүүгө бардык иш-кагаздарды даярдап берүү жагы райондук шааркурулушу жана архитектура Башкармасынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин .

Төрага

А. Нусупбеков
