# Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жыл 27-сентябрындагы № 200 "Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы №2 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңештин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жыл 27-сентябрындагы № 200 "Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы №2 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңештин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 200
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.09.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/290972>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-36697/edition/740827/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/290972.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.09.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жыл 27-сентябрындагы № 200 "Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы №2 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңештин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (27.09.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/290972

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Бишкек шаардык кеңеш

2016-жыл 27-сентябры № 200 Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы №2 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңештин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин, ошондой эле, эмгек мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңештин регламентине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1) 8-глава төмөнкү мазмундагы 80-1- пункт менен толукталсын:

“80-1. Фракциялардын иши депутаттардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө белгиленген тартипте дайындалуучу фракция катчысы тарабынан камсыздалат. Катчылар жай, оргтехника жана иш үчүн тийиштүү шарттар менен камсыздалышат.”;

2) 297-пункттун 2-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган типтүү ченемдердин негизинде шаардык кеңештин аппаратынын штаттык саны шаардык кеңештин сессиясы тарабынан бекитилет.”;

3) 301-пункттун 1-абзацы “шаардык кеңештин” деген сөздөрдүн астына “Фракция катчыларынан тышкары,” деген сөздөр менен толукталсын;

4) 29-глава төмөнкү мазмундагы 301-1, 301-2-пункттар менен толукталсын:

“301-1. Фракция катчылары муниципалдык кызматчы болуп эсептелбейт. Фракция катчылары тийиштүү фракция жетекчисинин сунушу боюнча, өзүнчө эмгек келишимдин негизинде, шаардык кеңештин аппаратынын жетектөөчү адисинин деңгээлиндеги айлык акы менен шаардык кеңештин төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат. Шаардык кеңештин ыйгарым укуктар мөөнөтү аяктаганда, ошондой эле шаардык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурда, фракция катчылары менен келишим мыйзам тарабынан каралган тартипте өз аракетин токтотот. 301-2. Фракция катчылары:

1) укуктук, аналитикалык колдоону көрсөтөт, уюштурууну камсыздайт жана фракциянын иш-кагаздарын жүргүзөт;

2) Бишкек шаардык кеңештин төрагасы тарабынан бекитилген фракция катчылар жөнүндө жобо жана эмгек келишим менен аныкталган функцияларды аткарышат.”.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Төрага

А.М. Кененбаев
