# Ленин айылдык кеңешинин 2016-жылдын 16-апрелиндеги № 1 "Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясынын адистери жүргүзгөн инвентаризациясынан кийин Ленин айыл өкмөтүнүн жалпы жер аянтынын балансасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ленин айылдык кеңешинин 2016-жылдын 16-апрелиндеги № 1 "Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясынын адистери жүргүзгөн инвентаризациясынан кийин Ленин айыл өкмөтүнүн жалпы жер аянтынын балансасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 16.04.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.04.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/290924>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-36649/edition/772473/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.04.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ленин айылдык кеңешинин 2016-жылдын 16-апрелиндеги № 1 "Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясынын адистери жүргүзгөн инвентаризациясынан кийин Ленин айыл өкмөтүнүн жалпы жер аянтынын балансасын бекитүү жөнүндө" токтому (16.04.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/290924

---

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ленин айылдык кеңешинин XXVI сессиясы

2016-жылдын 16-апрели № 1 Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясынын адистери жүргүзгөн инвентаризациясынан кийин Ленин айыл өкмөтүнүн жалпы жер аянтынын балансасын бекитүү жөнүндө Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык кеңештин XXVI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ленин айыл өкмөтүнүн балансасындагы жерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Жер фондусунун инвентаризациялоо жөнүндө” № 114 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлигинин “Кыргыз мамлекеттик жер долборлоо” институтуна караштуу Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясынын адистери жүргүзгөн инвентаризациясы жактырылсын.

2. Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн комиссия курамынан Ленин айыл өкмөтүнүн жер балансасын ушул токтомдун негизинде кабыл алып, токтом чыгарып берүү жагы суралсын.

3. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы Ленин айылдык кеңешинин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы депутат А. Тунгатаровко жүктөлсүн.

Төрага

Б. Токтосунов
