# Кербен шаардык кеңешинин 2016-жылдын 16-августундагы № 24/10 "Кербен шаарынын Күлүк-Дөбө – Ак-Дөбө автожолуна эмгектин ардагери Төрөгелдиев Айтмырзанын ысмын берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кербен шаардык кеңешинин 2016-жылдын 16-августундагы № 24/10 "Кербен шаарынын Күлүк-Дөбө – Ак-Дөбө автожолуна эмгектин ардагери Төрөгелдиев Айтмырзанын ысмын берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 24/10
- Кабыл алынган күнү: 16.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/290872>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-36597/edition/771190/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кербен шаардык кеңешинин 2016-жылдын 16-августундагы № 24/10 "Кербен шаарынын Күлүк-Дөбө – Ак-Дөбө автожолуна эмгектин ардагери Төрөгелдиев Айтмырзанын ысмын берүү жөнүндө" токтому (16.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/290872

---

КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кербен шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы

2016-жылдын 16-августу № 24/10 Кербен шаарынын Күлүк-Дөбө – Ак-Дөбө автожолуна эмгектин ардагери Төрөгелдиев Айтмырзанын ысмын берүү жөнүндө «КР географиялык аталыштар жөнүндө» Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кербен шаарынын Күлүк-Дөбө - Ак-Дөбө автожолуна эмгектин ардагери Төрөгелдиев Айтмырзанын ысмын берүү жөнүндө элдик жыйындын токтомдорун жана Кербен шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 16-июнундагы № 22 токтомун карап жана талкуулап чыгып Кербен шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кербен шаарынын Күлүк-Дөбө - Ак-Дөбө автожолуна эмгектин ардагери Төрөгелдиев Айтмырзанын ысмы берилсин жана ал автожол «Төрөгелдиев Айтмырза атындагы автожол» деп аталсын.

2. Кербен шаарынын мэриясы, көрнөктөрдүн формасын, өлчөмүн аныктап берсин. Анын туура жайгашуусун жана жазылуусун көзөмөлгө алсын.

3. Ат коюу салтанатын уюштуруу жана Кербен шаарынын мэриясы менен макулдашылган формадагы, өлчөмдөгү көрнөктөрдү жасап илдирүү жагы аты коюлуп жаткан инсандын үй-бүлөсүнө жүктөлсүн.

4. Кербен шаарынын мэриясы, токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш-кагаздарын, маалымат базасын токтомго ылайык келтирсин.

5. КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 610 токтому менен бекитилген «КР даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобонун 25-пунктуна негиз, тиешелүү өзгөртүүлөр боюнча даректүү каттоого алуу жагы Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана мүлктөргө укуктарды каттоо башкармалыгына сунушталсын.

6. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

7. Токтом «www.Kerben.Aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Шакиевге тапшырылсын.

Төрага

К. Бостонов
