# Темир айылдык кеңешинин 2016-жылдын 7-июлундагы №33 "Статистикалык маалыматты чогултуу ыйгарым укугун өткөрүп берүү (делегирлөө) келишимин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Темир айылдык кеңешинин 2016-жылдын 7-июлундагы №33 "Статистикалык маалыматты чогултуу ыйгарым укугун өткөрүп берүү (делегирлөө) келишимин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/290626>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-36351/edition/823820/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Темир айылдык кеңешинин 2016-жылдын 7-июлундагы №33 "Статистикалык маалыматты чогултуу ыйгарым укугун өткөрүп берүү (делегирлөө) келишимин бекитүү жөнүндө" токтому (07.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/290626

---

ТЕМИР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Эл депутаттарынын Темир айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы

2016-жылдын 7-июлу №33 Статистикалык маалыматты чогултуу ыйгарым укугун өткөрүп берүү (делегирлөө) келишимин бекитүү жөнүндө Темир айылдык кеӊеши статистикалык маалыматтарды убагында жыйноо жана жогорку органдарга берип туруу максатында «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамдын 20-беренесинин 2- жана 4- бөлүкчөсүнүн негизинде эл депутаттарынын Темир айылдык кеӊешинин ХХVI чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17.03.2014- ж. № 145-токтому менен бекитилген, КР улуттук статкомунун 31.03.2015 ж. № 10-токтому менен макулдашылган Улуттук Статистика комитетинин мамлекеттик статистика башкармалыгынын Ысык-Көл райондук бөлүмү жана Темир айыл өкмөтү ортосунда түзүлгөн келишим берилген редакциясында жактырылсын жана бекитилсин.

2. Келишимдин негизинде Темир айыл өкмөтүнүн 2016-жылга каралган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

3. Темир айылдык кеӊешинин токтому менен каралган (материалдык жабдууларды өткөрүп жана текшерип алууга макулдашуу комиссиясынын курамына айыл өкмөтүнүн аппаратынын адистери сунушталсын.

4. Токтомду аткаруу бир айлык мөөнөт менен Темир айыл өкмөтүнүн башчысы А. Дулатовго, финансы бөлүмүнүн башчысы Ж. Абдыкадыровго жана башкы адис М. Асаналиевге жүктөлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин төрагасынын орун басары Н. Акматовго жүктөлсүн.

Төрага

К. Чыналиев
