# Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 195 "Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 20-майындагы № 126 “Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 195 "Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 20-майындагы № 126 “Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 195
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/290610>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-36335/edition/823895/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/290610.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 195 "Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 20-майындагы № 126 “Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (30.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/290610

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 30-июну № 195 Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 20-майындагы № 126 “Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын борборунда шаар курулуш жана архитектура чөйрөсүндөгү саясаттын натыйжалуу ишке ашуусун жогорулатуу, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 52-1, 108, 112 жана 131-беренелерине ылайык салыктык укуктук мамилелер чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын мындан ары ишке ашыруу максатында, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 20-майындагы № 126 «Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө» токтому менен бекитилген 1-тиркемеге төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

«Түзүмдүк бөлүмдөр» графасындагы: 2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: «2. Жер ресурстар башкармалыгы (43 шт. бирдик)»; 3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: «3. Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгы (49 шт. бирдик)»; 22 жана 23-пункттар менен толукталсын: «22. Муниципалдык мүлк башкармалыгы (29 шт. бирдик)»; «23. Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин кирешелер башкармалыгы (16 шт. бирдик)».

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик жана жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (К. К. Конгантиев), бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Э. Ш. Докенов) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэринин милдетин аткаруучу Э. З. Зарлыковго жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.

Төрага

А.М. Кененбаев
