# Камышановка айылдык кеңешинин 2015–жылдын 3–июлундагы № 6 "Жер салыгын көбөйтүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Камышановка айылдык кеңешинин 2015–жылдын 3–июлундагы № 6 "Жер салыгын көбөйтүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/290587>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-36312/edition/823482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/290587.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Камышановка айылдык кеңешинин 2015–жылдын 3–июлундагы № 6 "Жер салыгын көбөйтүү жөнүндө" токтому (03.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/290587

---

КАМЫШАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Камышановка айылдык кеңешинин 26–чакырымдын 24-сессиясы

2015–жылдын 3–июлу № 6 «Жер салыгын көбөйтүү жөнүндө» Бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-бөлүгүнүн 31–беренесине ылайык «Өзүн – өзү башкаруу» Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 6–бөлүгүнүн 337–беренеси жана Чүй облусунун Сокулук районундагы мамлекеттик салык кызматынын 2015–жылдын 15–майындагы № 012/15-06-09/4575 катына ылайык сессияда депутаттар ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2016 – жылдын 1 – январынан баштап айыл – чарба тармагындагы жерлерин пайдалануудагы жер салыгынын наркын көбөйтүү.

Суугат – 428 сом; Кайрак – 71 сом;

2. Токтомдун 1-пунктундагы административдик салык Кыргыз Республикасынын токтомунун негизинде жүргүзүлгөн.

3. Токтом бекитилсин жана Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн, мамлекеттик реестр нормативдик актыга киргизилсин.

4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

5. Буйруктун аткарылышын көзөмөлгө алуу жооптуу катчы Л. Лаврентьевага жүктөлсүн.

Төрага

Д. Балпаев
