# Шопоков шаардык кеңешинин 2014-жылдын 23-майындагы № 62 “Наристе бала бакчасындагы тамак – аштын нормаларын белгилөө боюнча” токтому

- Толук аталышы: Шопоков шаардык кеңешинин 2014-жылдын 23-майындагы № 62 “Наристе бала бакчасындагы тамак – аштын нормаларын белгилөө боюнча” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 23.05.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.05.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/290580>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-36305/edition/823499/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/290580.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Шопоков шаардык кеңешинин 2014-жылдын 23-майындагы № 62 “Наристе бала бакчасындагы тамак – аштын нормаларын белгилөө боюнча” токтому (23.05.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/290580

---

ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Шопоков шаардык кеңешинин 8-чи чакырылышынын ХIII сессиясы

2014-жылдын 23-майы № 62 “Наристе бала бакчасындагы тамак – аштын нормаларын белгилөө боюнча” Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак – аштын акчалай нормалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 – жылдын 15-январындагы № 7 токтомуна ылайык Шопоков шаарынын “Наристе” бала бакчасындагы тамак – аштын нормасын белгилөө боюнча бала бакчанын жетечисинин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Шопоков шаардык депутаттар кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Тамак – аштын жана башка чыгымдардын акчалай нормасын төмөнүчө белгилөө:

- Бюджеттик мекемелерде иштеген ата – энелер үчүн күнүнө – 36 сом, анын ичинен:

- 18 сом ата – энелер төлөшөт

- 18 сом шаардык бюджеттен бөлүнөт.

- Бюджеттик эмес мекемелерде иштеген ата – энелер үчүн күнүнө – 75 сом, анын ичинен:

- 36 сом тамак – ашка сарпталат жана бул сумма кайра эсептөөгө тийиштүү, эгерде бала, бала бакчага келбей калса.

- 39 сом башка чыгымдарга сарпталат.

Төрага

А. Демьянов
