# Шопоков шаардык кеңешинин 2015-жылдын 15-январындагы № 87 “Ак тилек бала бакчасындагы тамак – аштын нормаларын белгилөө боюнча”

- Толук аталышы: Шопоков шаардык кеңешинин 2015-жылдын 15-январындагы № 87 “Ак тилек бала бакчасындагы тамак – аштын нормаларын белгилөө боюнча”
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.01.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/290578>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-36303/edition/823503/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/290578.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Шопоков шаардык кеңешинин 2015-жылдын 15-январындагы № 87 “Ак тилек бала бакчасындагы тамак – аштын нормаларын белгилөө боюнча” (15.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/290578

---

ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Шопоков шаардык кеңешинин 8-чи чакырылышынын ХVIII кезексиз сессиясы

2015-жылдын 15-январы № 87 “Ак тилек бала бакчасындагы тамак – аштын нормаларын белгилөө боюнча” Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак – аштын акчалай нормалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 – жылдын 15-январындагы № 7 токтомуна ылайык Шопоков шаарынын “Ак тилек” бала бакчасындагы тамак – аштын нормасын белгилөө боюнча бала бакчанын жетечисинин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Шопоков шаардык депутаттар кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тамак – аштын жана башка чыгымдардын акчалай нормасын төмөнүчө белгилөө:

Бюджеттик мекемелерде иштеген ата – энелер үчүн күнүнө – 36 сом, анын ичинен:

- 18 сом ата – энелер төлөшөт;

- 18 сом шаардык бюджеттен бөлүнөт.

- Бюджеттик эмес мекемелерде иштеген ата – энелер үчүн күнүнө – 75 сом, анын ичинен:

- 36 сом тамак – ашка сарпталат жана бул сумма кайра эсептелүүгө тийиштүү, эгерде бөбөк, бала бакчага келбей калса.

- 39 сом башка чыгымдарга сарпталат.

Төрага

А. Демьянов
