# Шопоков шаардык кеңешинин 2015-жылдын 15-январындагы № 84 “Шопоков шаардык кеңешинин 2014–жылдын 25 майында кабыл алынган № 62 Токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Шопоков шаардык кеңешинин 2015-жылдын 15-январындагы № 84 “Шопоков шаардык кеңешинин 2014–жылдын 25 майында кабыл алынган № 62 Токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 84
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.01.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/290577>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-36302/edition/823505/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/290577.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Шопоков шаардык кеңешинин 2015-жылдын 15-январындагы № 84 “Шопоков шаардык кеңешинин 2014–жылдын 25 майында кабыл алынган № 62 Токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтому (15.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/290577

---

ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Шопоков шаардык кеңешинин 8-чи чакырылышынын ХVIII кезексиз сессиясы

2015-жылдын 15-январы № 84 “Шопоков шаардык кеңешинин 2014–жылдын 25 майында кабыл алынган № 62 Токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак – аштын акчалай нормалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008–жылдын 15-январындагы № 7 токтомуна ылайык “Наристе” бала бакчасындагы тамак – аштын акчалай нормасына жана башка чыгымдарына өзгөртүү киргизүү боюнча Шопоков шаарынын мэриясынын кайрылуусунун негизинде, Шопоков шаардык депутаттар кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.“Наристе” бала бакчасында тамак – аштын жана башка чыгымдардын акчалай нормаларын төмөнүчө белгилөө:

- Бюджеттик мекемелерде иштеген ата – энелер үчүн күнүнө – 45 сом, анын ичинен:

- 18 сом ата – энелер төлөшөт

- 18 сом шаардык бюджеттен бөлүнөт, ошондой эле ата – энелер чогулушунун чечимине ылайык, тамак - ашты жакшыртуу максатында, кошумча 9 сом ата – энелердин ыктыярдуу төгүмүнүн эсебинен бөлүнсүн жана бул сумма кайра эсептелүүгө тийиштүү, эгерде бөбөк, бала бакчага келбей калса.

- Бюджеттик эмес мекемелерде иштеген ата – энелер үчүн күнүнө – 75 сом, анын ичинен:

- 36 сом тамак – ашка сарпталат, ошондой эле кошумча 9 сом ата - энелердин ыктыярдуу төгүмүнүн эсебинен бөлүнсүн жана бул сумма кайра эсептелүүгө тийиштүү, эгерде бөбөк, бала бакчага келбей калса.

- 30 сом башка чыгымдарга сарпталат.

Төрага

А. Демьянов
