# Кадамжай шаардык кеңешинин 2016-жылдын 4-мартындагы № 49/5 "Кадамжай шаарынын жайыт комитетинин 2016-жылга киреше жана чыгашасынын сметасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кадамжай шаардык кеңешинин 2016-жылдын 4-мартындагы № 49/5 "Кадамжай шаарынын жайыт комитетинин 2016-жылга киреше жана чыгашасынын сметасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 49/5
- Кабыл алынган күнү: 04.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/290547>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-36272/edition/734760/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кадамжай шаардык кеңешинин 2016-жылдын 4-мартындагы № 49/5 "Кадамжай шаарынын жайыт комитетинин 2016-жылга киреше жана чыгашасынын сметасын бекитүү жөнүндө" токтому (04.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/290547

---

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кадамжай шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XXXXIХ сессиясы

2016-жылдын 4-марты № 49/5 Кадамжай шаарынын жайыт комитетинин 2016-жылга киреше жана чыгашасынын сметасын бекитүү жөнүндө Кадамжай шаардык кеңеши каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 токтомунун негизинде ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кадамжай жайыт комитетинин 2016-жылга киреше жана чыгашасынын сметасы бекитилсин. (тиркеме тиркелет).

2. Жайыт комитетинин жерлеринен шагал, таштарды ташыган ар бир машинадан 500 сомдон алынсын.

3. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын жайыт комитетинин төрагасы Э. Зайляповко милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Б. Бегалиев
