# Балыкчы шаардык кеңешинин 2016-жылдын 17-майындагы № 2/1 "Балыкчы шаардык кеңешинин туруктуу комиссиялардын төрагаларын шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Балыкчы шаардык кеңешинин 2016-жылдын 17-майындагы № 2/1 "Балыкчы шаардык кеңешинин туруктуу комиссиялардын төрагаларын шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2/1
- Кабыл алынган күнү: 17.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.05.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/290505>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-36230/edition/823018/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/290505.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Балыкчы шаардык кеңешинин 2016-жылдын 17-майындагы № 2/1 "Балыкчы шаардык кеңешинин туруктуу комиссиялардын төрагаларын шайлоо жөнүндө" токтому (17.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/290505

---

БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Балыкчы шаардык кеңешинин ХХVII чакырылышынын II сессиясы

2016-жылдын 17-майы № 2/1 Балыкчы шаардык кеңешинин туруктуу комиссиялардын төрагаларын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 32-беренесинин 4-бөлүгүнө, шаардык кеңештин Регламентинин 5.2 бөлүмүнө ылайык жана туруктуу комиссиялардын сунуштарын угуп, талкуулап Балыкчы шаардык кеңеши, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бюджет, экономика жана салык маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын төрайымы болуп Турганбаева Гулуйла;

2. Социалдык өнүгүү, укук коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Табалдиев Алишер Кадырбекович;

3. Курулуш, архитектура, муниципалдык менчик жана коммуналдык чарба, өнөр-жай, транспорт жана ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Жумаева Нурзада Самудиновна;

4. Мандат жана депутаттык этика маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Асанакунова Айнакуль Джапаровна;

5. Жаштар саясаты, туризм, спорт жана экология маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Эсенов Адилет Эсенович шайлансын.

6. Токтом шаардык кеңештен каттоодон өткөрүлүп, balykchycity.kg веб-сайтына, массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ысык -Көл облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

7. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылууну өзүмө калтырам.

Төрага

К.Р. Сартбаев
