# Беловодск айылдык кеңешинин 2016-жылдын 26-февралындагы № 186 "Беловодский айыл өкмөтүнүн 2015 жылга бюджетинин аткарылышы жана 2016 жылга бюджетти бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Беловодск айылдык кеңешинин 2016-жылдын 26-февралындагы № 186 "Беловодский айыл өкмөтүнүн 2015 жылга бюджетинин аткарылышы жана 2016 жылга бюджетти бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 186
- Кабыл алынган күнү: 26.02.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/290422>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-36147/edition/820508/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/290422.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Беловодск айылдык кеңешинин 2016-жылдын 26-февралындагы № 186 "Беловодский айыл өкмөтүнүн 2015 жылга бюджетинин аткарылышы жана 2016 жылга бюджетти бекитүү жөнүндө" токтому (26.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/290422

---

БЕЛОВОДСК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кыргыз Республикасы Чүй облусу Москва району Беловодск айыл кеңешинин XXVI чогулушу

2016-жылдын 26-февралы № 186 “Беловодский айыл өкмөтүнүн 2015 жылга бюджетинин аткарылышы жана 2016 жылга бюджетти бекитүү жөнүндө” Беловодский а/ө ФЭБ башчысы К.А. Айдралиеванын 2015 жылга отчетун жана 2016 жылга бюджетти бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Беловодский айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Беловодский айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү отчету бекитилсин:

– кирешелер боюнча 60325,0 м.с. суммада (такталган план) чыгашалар боюнча – 60843,8 м.с. суммада.

2. Беловодский айыл өкмөтү берген 2016 жылга бюджет бекитилсин: кирешелер боюнча- 70436,1 м.с. суммада, чыгашалар боюнча – 70436,1 м.с.

3. № 1 тиркемеге ылайык Беловодский айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 2016-жылга кирүү эсебинин булактары боюнча калыптанышы аныкталсын.

4. № 2 тиркемеге ылайык Беловодский айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 2016-жылга кирүү эсебинин булактары боюнча калыптанышы аныкталсын.

5. № 3 тиркемеге ылайык Беловодский а/ө бюджеттин чыгашаларды каржылоо каражаттарына 2016 жылга бекитилсин, № 4 тиркемеге ылайык каржылоо атайын каражаттардан каралсын.

6. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” Мыйзамынын 23 беренесинин 1 бөлүгүнө ылайык жүгүртмө кассада бар акча 300,0 м.с. суммада каралсын.

7. Беловодский айыл өкмөтүнүн 2016 жылга чыгашаларды каржылоо 70436,1 м.с. суммада алынган кирешелердин фактылык чегинде жүргүзүлгөнү аныкталсын, ушуну менен биринчи кезек иретинде коргоо беренелери боюнча (айлык акы,соц.фонд, тамак-аш, коммуналдык төлөмдөр).

8. Беловодский айыл өкмөтүнүн 2016 жылга штаттык тизими бекитилсин.

9. Беловодский айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланган бюджеттик мекемелер 2016 жылга чыгаша сметаларын берүүгө милдеттендирилсин.

10. Беловодский айыл өкмөтүнө 2016 жылга укук берилсин:

– Айылдык кеңештин 2016 жылга жергиликтүү бюджет жөнүндөгү токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү сунуштар киргизилсин (кварталдан кварталга,беренеден беренеге жылдыруу), киреше бөлүмүндө ашыра орундоо учурунда атайын каражаттар боюнча кошумча сметалар түзүлсүн.

11. Мекемелерде кезектеги ремонт өткөрүлсүн,суутүтүгү орнотулсун, Ломоносова көчөсүндө канализация орнотулсун, Зорге жана Шевченко көчөлөрдүн киребериш бөлүгүн жана аянтты асфальттоо иштери өткөрүлүп жолдор гравийленип жана асфалтобетондолсун

- оңдоо иштери, Фрунзе к. Калинин к. айыл өкмөтүнүн имаратына чейин суутүтүгүн оңдоо иштерин өткөрүү, сейилбакты жана Кош-дөбө а. Токтогул к. жарык кылуу боюнча оңдоо иштерин өткөрүү, “Ласточка” б/б балдардын беседкасы орнотулсун, “Светлячок” б/б полун оңдоо иштери өткөрүлсүн, “Колокольчик” б/б навесин оңдөө иштери жүргүзүлсүн, “Бакыт” б/б куруу иштери жүргүзүлсүң, 2 балдар аянтчасын орнотуу, атайын техника сатып алуу. Жарыкка жер участогун сатып алуу. Беловодский жана Кош-Дөбө айылдарында дренажды тазалоо иштери өткөрүлсүн.

12. Кыргыз Республикасынын “Мугалимдин статусу жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык билим берүү кызматкерлерине жана мектепке чейинки мекемелердин тарбиячыларына коммуналдык тейлөөгө 440,0 м.с. суммада каражат бөлүнүп берилсин.

13. “Муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамга ылайык 28 б. айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине коллективдик келишимге ылайык коммуналдык тейлөөгө социалдык төлөмдөр төлөнүп берилсин.

14. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине уюлдук байланышка чыгашалар каралсын.

15. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мам.администрациясы жөнүндөгү “ Мыйзамынын 33 б. 5 п. ылайык айылдык кеңещтин төрагасына бир жолку жардам каралсын.№ 1 тиркемеге ылайык Беловодский айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 2016 жылга кирүү эсебинин булактары боюнча клыптанышы аныкталсын.

16. Муктаждыкка байланыштуу техникалык көзөмөлдүн 1 штаттык бирдиги бекитилсин “куруу” же “реконструкция” оңдоо иштери убагында техникалык көзөмөлдү турмушка ашыруу боюнча заказчынын объектине бир айга 6000 сом суммада контракт боюнча салыктарды эске алуу менен № 2 булактары боюнча Беловодский айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 2016 жылга кирүү эсебинин булактары боюнча калыптансын.

17. Муктаждыкка байланыштуу жагуучуга бир айда 2900 сом суммада маяна салыктарын эске алуу менен бекитилсин.

18. Муктаждыкка байланыштуу имарат тазалагычтын 1 штаттык бирдиги, Кош-Дөбө а. клубунун башчысынын маянасы штаттык ырааттамага ылайык бекитилсин Беловодский айыл өкмөтүнүн бюджетинен № 3 тиркемеге ылайык чыгашаларды финансылоого каражат 2016 жылга бекитилсин.

19. Аткаруучуга 0,3 % өлчөмүндө түзүлгөн сметалардан сметалык иш кагаздарды текшерүүгө, түзүүгө кызмат көрсөтүүсунө төлөмдөр төлөнүп берилсин.

20. Малды, үй канаттууларды кайтадан эсептешүүгө, айыл чарба китептеринен жазууларды тактоого бир үйгө 20 (жыйырма) сом эсебинде төлөм кылынсын.

21. Аппараттын кызматкерлеринин окуусуна акча-каражат каралсын (тандам, мам. сатып алуу ж.б. боюнча).

22. Берилген токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодский айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Д. Казыгуловага жүктөлсүн.

Төрага

О. Чекирбаев
