# Кайыңды шаардык кеңешинин 2016-жылдын 25-апрелиндеги № 114/XXXII - 2 "Мурунку мектепке чейинки билим берүүчү “Ак – Бешик” мекемесинин имаратын “Тулпар” билим берүүчү – эстетикалык борборуна убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кайыңды шаардык кеңешинин 2016-жылдын 25-апрелиндеги № 114/XXXII - 2 "Мурунку мектепке чейинки билим берүүчү “Ак – Бешик” мекемесинин имаратын “Тулпар” билим берүүчү – эстетикалык борборуна убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 114/XXXII - 2
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.04.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/290420>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-36145/edition/820512/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/290420.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кайыңды шаардык кеңешинин 2016-жылдын 25-апрелиндеги № 114/XXXII - 2 "Мурунку мектепке чейинки билим берүүчү “Ак – Бешик” мекемесинин имаратын “Тулпар” билим берүүчү – эстетикалык борборуна убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө" токтому (25.04.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/290420

---

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 25-апрели № 114/XXXII - 2 Мурунку мектепке чейинки билим берүүчү “Ак – Бешик” мекемесинин имаратын “Тулпар” билим берүүчү – эстетикалык борборуна убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө Мурунку “Ак – Бешик” мектепке чейинки билим берүүчү мекеменин имаратын “Тулпар” билим берүүчү – эстетикалык борборуна берүү мүмкүндүгү жөнүндө “Тулпар” билим берүү – эстетикалык борбордун катын карап көрүп, Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык мүлк менчиги жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө”, “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:

1. Мурунку “Ак – Бешик” мектепке чейинки билим берүүчү мекеменин имаратын, “Тулпар” билим – берүү эстетикалык борборуна ижара төлөөсүз убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин .

2. Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча департаменти:

- Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык мүлк менчиги” Мыйзамынын негизинде “Имаратты убактылуу пайдалануу” жөнүндө келишимин түзүшсүн.

- келишим түзүүдө коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө (суу үчүн, электр энергиясы үчүн) акы төлөө маселеси каралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлү Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча депутаттарынын туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

У.Б. Абдрасулов
