# Оргочор айылдык кеңештин 2016-жылдын 12-февралындагы № 139 "Айыл чарба жерлеринин айрым категориясы боюнча салыктын ставкаларын жогорулатуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Оргочор айылдык кеңештин 2016-жылдын 12-февралындагы № 139 "Айыл чарба жерлеринин айрым категориясы боюнча салыктын ставкаларын жогорулатуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 12.02.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/290409>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-36134/edition/787031/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Оргочор айылдык кеңештин 2016-жылдын 12-февралындагы № 139 "Айыл чарба жерлеринин айрым категориясы боюнча салыктын ставкаларын жогорулатуу жөнүндө" токтому (12.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/290409

---

ОРГОЧОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 12-февралы № 139 Айыл чарба жерлеринин айрым категориясы боюнча салыктын ставкаларын жогорулатуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 182 “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 337-339-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Премьер- Минисрти Т.А. Сариевдин 2016-жылдын 12-январындагы протоколдук тапшырмасын аткаруу жана айыл өкмөтүнүн киреше боюнча адиси Т. Усубакуновдун маалыматын угуп, талкуулап айылдык кеңештин 26-чакырылышынын 34-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл чарба багытында эмес жерлердин пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339-беренесине ылайык:

- калктуу конуштардын жерлери жер салыгынын ставкасы калктын саны 5 минден 10 минге чейинки калктуу конуштардын жерлеринин ставкасы 1,6 эки эсеге жогорулап 3,2 ставкасы бекитилсин.

- калктуу конуштардын чек арасынан тышкаркы жайгашкан жерлер жер салыгынын ставкасы калктын саны 5 миңден 10 миңге чейинки жерлеринин ставкасы 1,6 эки эсеге жогорулап 3,2 ставкасы бекитилсин.

2. Токтомду Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы У. Асамбаевка тапшырылсын.

3. Токтом 2016-жылдын 4-январынан баштап күчүнө кирсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы К. Супатаевка милдетендирилсин.

Төрайым

В. Атакозуева
