# Жалал-Абад шаардык кеңештин 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 11 "Жалал-Абад шаарынын Курманбек кѳчѳсγнγн кварталындагы жер тилкесинин зонасын ѳзгѳртγγ жѳнγндѳ" токтому

- Толук аталышы: Жалал-Абад шаардык кеңештин 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 11 "Жалал-Абад шаарынын Курманбек кѳчѳсγнγн кварталындагы жер тилкесинин зонасын ѳзгѳртγγ жѳнγндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.04.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/290399>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-36124/edition/787051/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.04.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жалал-Абад шаардык кеңештин 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 11 "Жалал-Абад шаарынын Курманбек кѳчѳсγнγн кварталындагы жер тилкесинин зонасын ѳзгѳртγγ жѳнγндѳ" токтому (27.04.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/290399

---

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VI чакырылыш кезектеги ХХХШ сессия

2016-жылдын 27-апрели № 11 Жалал-Абад шаарынын Курманбек кѳчѳсγнγн кварталындагы жер тилкесинин зонасын ѳзгѳртγγ жѳнγндѳ Жалал-Абад шаарынын тургуну Р. Камчибековдун жазган арызын шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, КРнын Жер Кодексинин 18-беренесинин 2-пунктуна таянып Жалал-Абад шаардык кеңеши тарабынан кабыл алынган 24.05.2006-жылдагы № 3-токтом менен бекитилген "Жалал-Абад шаарында жер пайдалануу жана куруу эрежелерине" ылайык жана шаардык кеңештин депутаттарынын ой-пикирлерин эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги ХХХШ сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад шаарынын Курманбек кѳчѳсγнγн № 128-кварталындагы жалпы аянты 3230 чарчы метр болгон жер тилкеси «К1» коммуналдык зонасынан «Ж2» аралаш турак-жай куруу зонасына ѳзгѳртγγгѳ уруксат берилсин.

2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мγлккѳ укуктарды каттоо башкармалыгына 2006-жылы кабыл алынган "Шаар куруу жана жер пайдалануу эрежелерине" ѳзгѳртγγ киргизип, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизγγ жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы Б. Беркбаевага милдетендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялган кγндѳн тартып кγчγнѳ кирет.

Төрага

Э. Ормоков
