# Дара айылдык кеңешинин 2016-жылдын 11-февралындагы № 7 "Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФ жерлерин ижарага берүү үчүн түзүлгөн комиссия курамын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Дара айылдык кеңешинин 2016-жылдын 11-февралындагы № 7 "Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФ жерлерин ижарага берүү үчүн түзүлгөн комиссия курамын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 11.02.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/290388>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-36113/edition/820304/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дара айылдык кеңешинин 2016-жылдын 11-февралындагы № 7 "Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФ жерлерин ижарага берүү үчүн түзүлгөн комиссия курамын бекитүү жөнүндө" токтому (11.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/290388

---

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 11-февралы № 7 Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФ жерлерин ижарага берүү үчүн түзүлгөн комиссия курамын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 571 токтомуна ылайык Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФ жерлерин максаттуу пайдалануу максатында Эл депутаттарынын Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XХХXХX сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 571 токтомуна ылайык Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФ жерлерин максаттуу пайдалануу максатында түзүлгөн комиссия курамы бекитилсин. (№1тиркеме);

2. Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФ жерлерин ижарага берүүдө комиссия курамы КР жер кодекси, КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 571 токтому менен бекитилген Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобого ылайык жүргүзүшсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун басары А. Камаловго милдеттендирилсин.

Төрага

А. Мажилимов
