# Могол айылдык кеңешинин 2016-жылдын 22-февралындагы № 12 "Ачы токой чарбасынын 2015-жылда аткарган иштеринин отчету, 2016-жылга милдеттери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Могол айылдык кеңешинин 2016-жылдын 22-февралындагы № 12 "Ачы токой чарбасынын 2015-жылда аткарган иштеринин отчету, 2016-жылга милдеттери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/290301>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-36026/edition/787231/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Могол айылдык кеңешинин 2016-жылдын 22-февралындагы № 12 "Ачы токой чарбасынын 2015-жылда аткарган иштеринин отчету, 2016-жылга милдеттери жөнүндө" токтому (22.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/290301

---

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Могол айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХIХ сессиясы

2016-жылдын 22-февралы № 12 Ачы токой чарбасынын 2015-жылда аткарган иштеринин отчету, 2016-жылга милдеттери жөнүндө Агрардык азык-түлүк, токойчулук жана айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиянын маалыматын жана Ачы токой чарбасынын директору А. Мырзабековдун отчетун угуп жана талкуулап Могол айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХIХ сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ачы токой чарбасынын 2015-жылда аткарган иштери «канаттандырарлык» деп табылсын.

2. Ачы токой чарбасы боюнча өндүрүлө жана сатыла турган продукциялардын, ижара акылардын 2015-жылга карата каралган баа өлчөмдөрүн көзөмөлдөө, калктын нааразычылыгын туудурбай иш-жүргүзүү Ачы токой чарбасынын директору А. Мырзабековко милдеттендирилсин.

3. Калктын ижарага алган жайыттарын жана эгиндерин коруганга, малдарды өз мөөнөтүндө жайкы жайлоого жөнөтүүгө көмөк көрсөтүү Ачы токой чарбасына тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык, азык тулук, токойчулук жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Б. Акимжанов
